Жаш акын Мелис Маматжанов, «элдин табитин өстүргөндүн ордуна жеңил базарга түшүп алды»- деп «гив» ойноткон ырчыларды сынга алды.
Акын мындай пикирин фейсбуктагы өздүк баракчасына жазып чыкты. Тестти өзгөртүүсүз сунуштайбыз.
Биздин сахна жылдыздары, жаш ырчылар акыркы учурда «гив» ойнотуп жатканын көп байкадым. Ыйык сахнаны, талантты тебелебеш керек го. Алар да коомдун жандүйнөсүн агартуучуларга кирет. Элдин табитин өстүргөндүн ордуна жеңил базарга түшүп алышкандай. Негизги миссиясын унутуп баратат. Сахнаны тойдун деңгээлине түшүрдү. Эми сахнаны базар деңгээлине түшүрүп жатат. Залкар талант Түгөлбай Казаков айткандай: «Шоу бизнес ырчылары-маданият кызматкерлери эмес» дегенге ынанат экенсиң! Нукура кыргыз классикасын, дүйнөлүк деңгээлге чыгара турган кашкөй таланттар чыгабы!?. Же азыркы рынок жашоосу шоу бизнес өкүлдөрүн сормо саздай тартып кетип жатабы? Жалпы элге да сөзү терең, кайрыгы жандуу ырлар сиңбей: эптеп жамакталган текст менен компьютерде шөкөттөлгөн музыка тарап жатат. Терең байкаган адамга биздин бир гана экономика, саясат эмес маданият, жандүйнө, баалуулуктар да деградация болууда…