7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сак бол! Британияда COVID-19 илдетинен 70% кооптуу вирус аныкталды

180

Британияда COVID-19 вирусунун алда канча кооптуу жаңы учуру катталды. Буга ылайык өлкөгө чектеш мамлекеттер Британия менен болгон темир жол жана аба каттамдарын токтотту.
Британиялыктар үчүн бул жаңы-жыл алдында күтүлбөгөн коркунучту алып келди. Илдет Британиянын дээрлик үч аймагында катталды: Дания, Нидерландия жана Австралия.


Коркунучтуу илдет COVID-19 вирусунан алда канча мутацияланып, тез жайылып оор симптомдорду чакырат жана өлүмгө алып келиши мүмкүн.


Британиянын премьер-министри Борис Джонсон жакында жасаган билдирүүсүндө, илимий кеңешчилерге шилтеме берип, «жаңы штамм мурункуга караганда 70% көбүрөөк жугуштуу болушу мүмкүн», — деген пикирин билдирген.


Ошондой эле, жаңы штамм көптөгөн өлкөлөрдө колдонуп жаткан вакцинага туруктуу болуусу күмөн жаратууда. Бир нече айдын ичинде вирус ушунчалык мутацияланып, бийликти шашылыш чараларды көрүүгө мажбур кылды.

Учурда бул штамм боюнча дагы деле толук маалымат жок, себеби толук изилденип бүтө элек…


Эмне үчүн бул жаңы илдет тынчсызданууну жаратууда?

  • Үч фактордун айкалышы окумуштуулардын өзгөчө көңүлүн бурат:
  • Ал ошол эле вирустун башка штаммдарын тез арада сүрүп чыгат;
  • Мутация вирустун өзгөчө мааниге ээ бөлүктөрүндө болот;

Буга чейин бул вирустун клеткаларга кирүү жөндөмүнүн жогору экендигин далилдешкен. Мунун бардыгы вирустун тезирээк жайылышы мүмкүн экендигин айгинелейт. Ошого карабастан коом илдеттин канчалык коркунучтуу экендигин кабылдай элек.


«Биз лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүшүбүз керек. Бирок биз бир нече жума, ал тургай бир нече ай күтөбүзбү? Учурдагы кырдаалды эске алганда, мүмкүн эмес», — дейт профессору Ник Лохман жаңы Covid-19 Genomics UK Consortium вирусун чечмелөө учурунда.


Жаңы вирус канчалык тез жайылып жатат?


Бул жаңы штамм биринчи жолу сентябрь айында аныкталган.
Ноябрь айында эле Лондондогу бардык жугуштуу оорулардан болжол менен 25 пайызы коронавирустун ушул түрүн аныктаган. Декабрдын ортосунда алардын саны 65 пайыздан ашты.


Британиялык Милтон Кейнстин «Lighthouse Laboratory» лабораториясында жүргүзүлгөн сыноолордун натыйжаларын колдонуп, бул штаммдын кантип үстөмдүк кыла баштагандыгын айткан.

Бирок, бул жерде вирустун эле эмес, адамдар өзүн кандай алып жүрөрүн дагы эске алуу керек.


Премьер-министр Борис Джонсондун айтымында, жаңы штамм 70% көбүрөөк инфекциялык болушу мүмкүн, ошондуктан көбөйүү индекси (инфекциялардын саны көбөйүп же азайып бараткандыгын көрсөтөт) 0,4кө көтөрүлүшү күтүлөт.


Мындай мутациялар буга чейин катталганбы?


Ооба. Кытайдын Ухань шаарында алгач аныкталган коронавирус азыр дүйнө жүзү боюнча табылып жаткан вирус эмес. Ал эми мутацияланган D614G штаммы Европада февраль айында пайда болуп, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө үстөмдүк кылды. Ошондой эле, A222V вирусу ушул жайда Испанияга келген эс алуучулар менен бирге Европага жайылды.


Ковид өлүмгө алып келдиби?

Азырынча андай болушу мүмкүн деген эч кандай далил жок. Бирок кырдаалды көзөмөлдөп туруш керек.


Бирок, жуктуруп алгандардын саны көбөйүп жатканы да ооруканаларда көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн.


Эгерде жаңы вариантты өткөрүү оңой болсо, анда бейтаптар стационардык дарыланууга муктаж болушат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

181