13-майда жана 14-15-май күндөрү нөшөрлөгөн жамгыр жаап, сел каптоо коркунучу күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
«Катуу жааган жаан-чачындан улам дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, сел каптоо коркунучу күтүлүүдө. Кооптуулуктуктун алдын алуу максатында райондордо, айылдарда сел агуучу каналдарды жана арыктарды тазалоо иштерин улантуу зарыл. Селдин алдын алуу үчүн жергиликтүү бийлик жана Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.
Маалыматтарга ылайык сел коркунучунун алдын алыңыздар! Анткени сиздин жана сиздин жакындарыңыздын өмүрү баарынан кымбат. Зарылчылык болбосо алыскы жолго чыгуудан карманып турууңузду сунуштайбыз»,- деп Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды өзгөчө кырдаал кооптуулугу жаралган мезгилде сак болууга чакырат!