7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сакарьяда «Достук» футбол турнири өттү

240

26-апрелде Түркиянын Сакарья шаарында Түрксөй Эл аралык уюмунун жана Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун колдоосу менен, Сакарья Кыргыз биримдигинин демилгеси аркылуу салтка айланган «Достук» футбол турнири болуп өттү.

Мелдешке Түркиянын 16 шаарынан келген 16 студенттик курама командалар катышып, достукту жана ынтымакты чыңдоо максатында атаандаштыкта күч сынашты. Турнирдин жыйынтыгында 1-орунду Конья шаарынын командасы, 2-орунду Стамбул жаштары, ал эми 3-орунду Карабүк университетинин студенттери камсыздашты.

Ошондой эле «Эң мыкты дарбазачы» жана «Эң мыкты оюнчу» номинациялары боюнча өзгөчөлөнгөн катышуучуларга белектер жана сертификаттар тапшырылды. Иш-чаранын жүрүшүндө Түрксой уюму тарабынан кызыктыруучу белектер, ал эми консулдук тарабынан кубок ыйгарылды.

Бул иш-чара чет мамлекетте билим алып жаткан кыргыз студенттеринин достугун, биримдигин бекемдөөгө багытталган. Кийинки турнир 2026-жылы Конья шаарында өтмөкчү.

241