7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айдоочуларга жол эрежелерин эскертүү, үйрөтүү иштери жүргүзүлүүдө

252

Өлкө башчынын тапшырмасына ылайык, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан өлкөнүн баардык аймактарында айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин эскертүү, үйрөтүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган тапшырманы аткарууда жол тескөөчүлөрүнө коомдук ишмерлер, ИИМдин ардагерлери, жогорку окуу жайларынын студенттери жана дин кызматкерлери көмөк көрсөтүшүүдө.

Эскерте кетсек 1-сентябрга чейин айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин үйрөтү, эскертүү гана иштери жүргүзүлөт.

Азыркы учурда ведомстволор аралык жумушчу топ 1-сентябрдан тартып эреже бузган айдоочуларды жеринен сурамжылоонун жол-жобосун иштеп чыгууда. Жакынкы күндөрү коомчулукка коомдук талкууга чыгарылат.

Урматтуу айдоочулар өзүңүздүн жана өзгөлөрдүн коопсуздугу үчүн жол эрежелерин так сактаңыздар!

253