30-31 октябрда Түркияг Стамбул шаарында Түрк медицинасынын 8-дүйнөлүк Конгресси болуп өттү. Бул конгресске КРнын Саламаттык сактоо министри Гулнара Баатырова жана саламаттык сактоо тармагындагы окумуштуулар катышты.
Конгрестин жүрүшүндө Глобалдык жеткирүү чынжырларында кызматташтыктын туруктуу моделдерин түзүү, саламаттык сактоодогу изилдөөлөр (вакциналар-дары-диагностика), санариптик трансформация жана жасалма интеллект, залалдуу шишиктер, сейрек кездешүүчү оорулар, геном жана анын келечеги, Түрк фармакопеясы жана аны колдонуу эрежелери боюнча илимий жолугуушулар болду.
Жыйынтыгында, Түрк медицина дүйнөсүнүн 8-дүйнөлүк конгрессинин жыйынтык декларациясы кабыл алынды. Андан тышкары, «Медицинанын тарыхына жана жалпы мураска таазим» сыйлыгын тапшыруу аземи болуп, ага Түркия мамлекетинин Президенти Реджеп Тайип Эрдоган катышты. Сыйлык тапшыруу аземинде Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлери өз өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо кызматкерлеринин атынан Реджеп Тайип Эрдогандын колунан сыйлыктарды алышты.