Чүйдөгү Москва районунда өрттөн бир адам 2-даражадагы күйүк алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Москва районунун Ак-Суу айылындагы Фрунзе көчөсүндө аянты 60 чарчы метр болгон убактылуу жашоочу жай жана тиричилик буюмдары толугу менен күйүп кеткен.
Өрттүн кесепетинен 1983-жылы туулган Ш.Д. аттуу эркек киши 2-даражадагы күйүк алып, тез жардам кызматы тарабынан райондук ооруканага жеткирилген.
Учурда өрттүн себеби такталууда.