7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Саламаттык сактоо министрлигинин бөлүм башчысы пара менен кармалды

500

Жалал-Абад облусунда системалуу түрдө пара талап кылган Саламаттык сактоо министрлигинин бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Базар-Коргон районунун Жалпы дарыгерлик практика борборунда системалуу түрдө акча чогултуу боюнча тургундардан бир нече жолу даттануулар жана кайрылуулар келип түшкөн.

Буга байланыштуу «пара алуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, Базар-Коргон райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун бөлүм башчысы кармалды. Шектүү эмгекке жарамсыздык баракчасын (ооруканалык) бергендиги үчүн, ошондой эле майыптыгынын тобун аныктоодо медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын оң корутундусун тездеткендиги үчүн жарандардан системалуу түрдө опузалап акча алган.

Анын мыйзамсыз аракеттери сот органдарынын уруксаты менен жашыруун камерага жаздырылган. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

501