7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салык карызы боюнча туумдарды эсептен чыгаруу мөөнөтү узартылды. Шарттары кандай?

765

Кыргызстанда салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн негизги суммасын төлөөдө чегерилген айыптарды, санкцияларды жана туумдарды эсептен чыгаруу мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, 2022-жылдын 1-июлуна карата салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн төлөөчүлөр үчүн туумдар, санкциялар жана айыптар 100 пайызга жана 2022-жылдын 31-декабрына чейин карыздын негизги суммасын төлөгөндөр үчүн 50% эсептен чыгарылат. Реструктуризацияга 2020-жылдын 1-июлуна чейин түзүлгөн карыздар тийиш.

Буга чейин төлөөчүлөрдүн эсептелген туумдар, санкциялар жана айыптарды 2021-жылдын 1-июлуна чейин 100%, ал эми 2021-жылдын 31-декабрына чейин 50%га эсептен чыгарууга мүмкүнчүлүгү болгон.

Мындан тышкары, жогорудагы мыйзамга ылайык төлөөчүлөр салыктык текшерүүнүн же төлөөчүлөрдүн өздөрүнүн 2020-жылдын 1-июлуна чейинки салыктык мөөнөт үчүн такталган отчетторду берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча 2020-жылдын 1-июлунан кийин салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасына кошуп эсептелген туумдар, санкциялар жана айыптар боюнча карыздарды салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн негизги суммасын толук жойгон шартта эсептен чыгарууга укуктуу.

Белгилей кетсек, бул кампания салык төлөөчүлөрдүн финансылык-экономикалык абалын турукташтырууга жана колдоого жардам берет.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

766