7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салык кызматкеринен кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды

712

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын Кемин району боюнча башкармалыгынын кызматкери менен «М.Х.» ЖЧКсынын өкүлдөрү менен келишим түзүп, салык төлөөчүнүн өздүк эсебинин картасын мурда чегерилген салыктар боюнча 134 млн сомго тактоо жолу менен таанылган салык милдеттенмелерин мыйзамсыз эсептен чыгарган.

Мамлекеттик салык кызматынын Кемин району боюнча башкармалыгынын кызматкери Т.Н., «М.Х.» ЖЧКсынын өкүлдөрү менен кылмыштуу бүтүмгө келип алып, ошондой эле башка кызматкердин офистик компьютерин, логин жана паролдорун колдонуу менен, компаниянын карызын Мамлекеттик салык кызматынын маалымат базасынан негизсиз жок кылган.

Учурда, аталган жаранды башка ушул сыяктуу фактылар боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси каралып жатат, ошондой эле «М.Х.» компаниясынын өкүлдөрүнүн аракеттерине укуктук баа берилмекчи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

713