Мамлекеттик салык кызматы кыргыз-казак чек арасында кезек күтүп калган  жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына ысык тамак-аш таратышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул демилгенин алкагында «Ак-Тилек — автожол» контролдук-өткөрмө пунктунун алдында фуралар топтолгон жердеги 300дөн ашык айдоочуларга ысык тамак жана ичүүчү суу таратылды.

Салык кызматы чек арадан оор жүк ташуучу унааларды өткөрүү абалы турукташканга чейин мындай колдоо акцияларын өткөрүүнү улантуу ниетин билдирет.

Эске салсак, 20-августтан тартып Казакстан расмий билдирүүсүз бир тараптуу тартипте кыргыз жүк ташуучу унааларынын өзүнүн өткөрүү пункттары аркылуу өтүүсүн чектеген.  24-августта Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрүнү абалга текшергенден кийин казак тарап унааларды өткөрүүнү көбөйткөн.