Тогуз-Торо районунан 60 жаран эвакуацияланды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-августта Балыкчы-Жалал-Абад альтернативдик авто унаа жолунун 255-чакырымында болжолдуу 5000 куб (Казарман-Жумгал автоунаа жолунун 45-чакырымы) 03:15 чамасында таш кулап, жолду тосуп калгандыктан жарандар жолдо калган.
Аталган аймакта кырдаалды жөнгө салуу үчүн ӨКМден 3 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер, Макмал алтын комбинатынан айдоочу тартылып, кырсык катталган аймакта 60 жаран эвакувацияланды.
Жеринде ЖТК-18 мекемесинен 3 техника жол тазалоо боюнча иш алып барууда.
Жабыр тарткандар жок .