7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салык кызматы жарандарды алдамчылардан сак болууну эскертти

221

Алдамчылык фактылары күн санап көбөйүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, белгисиз адамдар Салык кызматынын жетекчилигинин жана кызматкерлеринин атынан мессенджерлер аркылуу билдирүүлөрдү жөнөтүп, акча каражаттарын которууну талап кылууда.

Салык кызматы мессенджерлер же социалдык тармактар аркылуу акча которууну, ошондой эле салыкты ушундай жол менен төлөөнү талап кылбай тургандыгын эскертет.

«Келип түшкөн маалыматтарды текшерүүнү, ал эми анык эмес билдирүүлөр же алдамчылык аракеттери болгон учурда укук коргоо органдарына кайрылууну суранабыз», — деп айтылат маалыматта.

222