УКМК Салык кызматынын кызматкерлерин пара алып жаткан жеринен кармады. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз борбору билдирди.
Салык органдарынан салык төлөөдөн качууга жардам бергендиги үчүн сыйлык катары 240 миң сом алгандыгы такталды.
«Бишкек шаарынын Свердлов району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысынын орун басары К.У.К. жана Ленин райондук Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын инспектору У.А.А. кармалды. Алар жеке ишкерлер менен тил табышып, узак убакытка чейин жасалма документтерди колдонуп, Кыргызстанга импорттолуучу элдин муктаждыгындагы керектөөчү товарларга салыктык чегерүүлөрдү азайтып көрсөтүшкөн. Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп берилет маалыматта.