7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку сот кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

1050

Жогорку соттун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургуль Бакирова кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууалуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди элибиз сүйгөн эң байыркы Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Эзелтен Нооруз – жылдын жаңырышынын, сабырдуулуктун, өз ара түшүнүшүүнүн, кубанычтын, тазалануунун, мээримдүүлүктүн, терең ишенимдин жана ынтымакты чыңдоонун майрамы.

Нооруз майрамы бизге дем берип, жакшы тилектерибиз, асыл максаттарыбыз ишке ашсын. Элибизге ынтымак жана биримдик, мамлекетибизге молчулук жана береке тартууласын!
Бул күндө үйүбүзгө кут конуп, ишибизди ийгиликтер жылоолоп, ынтымак-ырашкерлик коштоп, аманчылык жана тынчтык болсун», — деп жазылат куттуктоодо.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1051