7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салык кызматынын төрагасы «Кока-Кола» заводунун иши менен таанышты

308

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Бишкек шаарындагы алкоголсуз бөтөлкөдөгү суусундуктарды өндүрүүчү “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” жабык акционердик коомунун заводуна барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, Салык кызматынын жетекчисинин жумуш сапарынын жүрүшүндө компаниянын өкүлдөрү ишкананын ишмердүүлүгү, аны өнүктүрүү жана келечектеги пландары тууралуу кеңири маалымат беришти. Ошондой эле суусундуктарды өндүрүү, бөтөлкөлөргө куюу жана маркалоо процесстери көрсөтүлдү.

«Сапарыбыздын максаты — өндүрүш процесси менен таанышуу гана эмес, коомчулукка ар бир суусундук чыгаруучу ишкана керектөөчүлөрдүн саламаттыгы жана коопсуздугу үчүн жоопкерчилигин түшүнүүсүн жеткирүү», — деди Алмамбет Шыкмаматов.

Мындан тышкары ал, компаниянын өлкөнүн экономикасына кошкон салымынын маанилүүлүгүнө токтолду: «Сиздердин компанияңыздар — Кыргызстандагы алкоголсуз суусундуктарды чыгаруучу ири ишканалардын бири. Бизде ушундай ийгиликтүү жана жоопкерчиликтүү ишканалардын бар экениндиги кубандырат»,— деди ал.

Андан ары Салык кызматынын башчысы алкоголсуз суусундуктарды акциздик маркалар менен милдеттүү маркалоо боюнча талаптардын аткарылышы менен таанышты.

309