7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салык төлөбөй жүргөн оор жүк ташуучу унаа кармалды

585

Кыргызстандын аймагына милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөстөн товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

30-мартта “Чоң-Капка- унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунан М.Э.Х. аттуу КР жаранынын башкаруусундагы “ДАФ” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа чиркегичи менен кармалган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө унаанын ичинен тиешелүү документтери жок, баасы 7 миллион 500 миң сомдон ашык салык салынууга тийиш болгон товардык-материалдык баалуулуктар табылган.

Бул боюнча учурда тиешелүү иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

586