7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салыктын мурдагы кызматкерлеринен 2 башчы, 1 төрага коррупция менен кармалышты

221

Салык кызматынын мурдагы кызматкерлеринен 2 башчы, 1 төрага коррупция менен кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Салык кызматынын Борбордук аппаратынын текшерүү башкармалыгынын мурдагы башчысы А.М. жана Мамлекеттик салык кызматынын Борбордук аппаратынын текшерүү башкармалыгынын дагы бир мурдагы башчысы У.С., Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы А.А. менен кылмыштуу кутумга кирип, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, чарба жүргүзүүчү субъектилерден акча каражаттарын опузалап алгандыгы үчүн кармалган.

“М.А. жана С.У. ишкердик субъекттеринен акча каражаттарын алуу жана өткөрүп берүү боюнча коррупциялык схеманын негизги уюштуруучулары болушкан. Кармалган адамдар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө”, — деп берилет маалыматта.

222