26-апрелден баштап Өзбекстандын Самарканд шаарындагы мектептер жана бала бакчалар 14 күнгө карантинге жабылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, чечимди Самарканд шаарынын чукул эпидемиологиялык комиссиясы бекиткен. Негизги себеби катары «соңку күндөрү шаарда коронавирус инфекциясы жайылган учурлар көп катталганы» көрсөтүлгөн.
27-апрелден баштап, бардык мектептер жана бала бакчалар онлайн форматына өтөөрүн Акимчиликтин билдирүүсүндө айтылган. Карантин маалында коронавирус инфекциясы жайылуу коркунучу азайса, эки жумадан соң кайрадан салттуу окутууга өтүү чечими кабыл алынышы мүмкүн.
Эскерте кетсек, буга чейин Өзбекстанда республика боюнча 243 мектеп аралыктан окууга өткөнү жарыяланган.