Президент Садыр Жапаров кечээ, 26-апрелде жергиликтүү массалык маалымат булактарына берген маегинде көпчүлүктүн тынчын алган электр энергиясы тууралуу ачык айтты.
Анын айтымында, тариф бир санга токтолуп, андан тышкаркы чектөөлөрдүн баары алынып салынат.
«Электр энергиясы боюнча ар бир кыргызстандык билесиңер, бул 30 жылдан бери келе жаткан көйгөй. Мен кечээ күнү келе калып эле сууну жутуп алып, же агызып ийип, анан кризиске учурап жаткан жок да. Айрыкча акыркы 10 жылдан бери карызды алып келе беришиптир. Ушул электр энергия тармагына жумшайбыз деп же ал жакка жумшалган эмес. Көмөк чордон, линияларыбыздын баарынын таш талканы чыгып «итке» минип калган абалда. Ал эми келген акчалар максаттуу жумшалбастан уурдалып кеткен. Азыр коомчулукта айтылып жатат «Эмне үчун мурдагылар уурдап кеткенди эл төлөшү керек. Кайтартып, текшерип төктүрбөйсүңөрбү», — деп. Аны аныктап чыгыш үчүн 2-3 жыл кетип калат. Ал оңой иш эмес, ким канча акча сарптаган, ким алган баарын иликтөө керек. Биз тарифти өзгөртпөй алар менен алышып жүрө берсек дагы 3 жылыбызды бекерге өткөрөбүз. Бүгүнкү саясатты өзгөртпөй күтүп отура берген болсок, эмдиги жылы Токтогул ГЭСи электр жарыгын берүүнү токтотот. Ошондо биз баягы тезек термей, чырак жакмай абалга түшүп калабыз. Биз ошол үчүн тартифтерди өзгөртүп, аны да категория менен карап жатабыз. Байлар, кедейлер, орто жашагандарга ыңгайлуулук менен каралат жана 700 КвТ дан өткөндөн кийийнки чектөөлөрдү толук эле алып салгыла деп жатабыз. Анан байлар хан сарайларында электр энергиясын көп колдонушат. Кедейлер жок дегенде 2 лампочка колдонот, орто жашаган адам 10-15 лампочка колдонот. А эң байлардын базарлары бар, хан сарайлары бар алар миңдеген лампочкаларды колдонушат. Анан сиз кедейсиз токоч, кара чай ичип отурган, сиз деле ошол акчаны төлөп жатасыз, байлар деле ошол акчаны төлөп канча пайда көрүп жатат. Кышында Нарынга барганымда эл «1 сомго көтөрүп, чектөөнү алып салгыла» деп сунуштаган. Азыр 1 сом 4 тыйынга көтөрүү сунушу болуп жатат. Мунун дагы эл менен кеңешип анан чечебиз», — дейт ал.
Эскерте кетсек, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 74 тыйындан, бийик тоолуу аймактын жашоочуларына электр кубатын 1 сом 04 тыйындан, ал эми жашоо шарты жакшыларга 1 сом 48 тыйындан (чектөөсү жок) сунушталууда.