7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Самбо боюнча дүйнө кубогунда аскер кызматкерлери байгелүү орундарды ээлешти

374

Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча дүйнө кубогу болуп өттү. Анда Ички аскерлеринин аскер кызматкерлери самбо боюнча дүйнө кубогунда байгелүү орундарды ээлешти.

Маалыматка ылайык, аталган мелдешке 14 мамлекеттен 250дөн ашык спортчу күч сынашты.  Бул спорттук мелдеште Ички аскерлеринин аскер кызматкерлери да катышып, байгелүү орундарды ээлешти.

7704 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери сержант Шерзат Кудайбердиев 71 кг салмакта, ал эми 7705 аскер бөлүгүнүн спорттук машыгуу борборунун аскер кызматкери прапорщик Асылбек уулу Жамалбек 88 кг салмакта 3 орунду багындырышып, коло медалга ээ болушту.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын самбо боюнча улуттук курама командасы жалпысынан 5 байгелүү орунду багындырып, 1 күмүш, 4 коло медаль алышты.

 

375