7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Самбо боюнча улуттук курама Дүйнө чемпионатынан келишти

462

Кечээ, 14-ноябрь күнү самбо боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Армениянын Ереван шаарында өткөн Дүйнө чемпионатынан мекенине кайтып келишти. Бул тууралуу спорт жана дене тарбия департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, спортчуларды “Манас” Эл аралык аэрпортунан Дене тарбия жана спорт департаментине каратшуу спорттун лимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Эркин Уметалиев, самбо федерациясынын өкүлдөрү жана спортчулардын жакындары тосуп алышты.

Белгилей кетсек, самбо боюнча дүйнө чемпионаты 10-13-ноябрь күндөрү өтүп, улуттук курама команда жалпы 5 медаль жеңди (1 алтын 1 күмүш жана 3 коло медаль).

88 кг салмак даражасында Жамалбек Асылбек уулу спорттук самбо боюнча Дүйнө чемпиону болду. Ал эми 64 кг чейинки салмактагылар арасында Белек Бараканов күмүш медалга ээ болду. Ошондой эле, 64 кг салмакта Саяк Бараканов, 09 кг жогоркулар арасында Бекболот Токтогонов, 88 кг салмак даражасында Бектен Эркебай уулу коло медалдарды багындырышты.

 

463