7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Самокат тебүү эрежесин бузгандарга айып салуу мыйзам долбоору сунушталды

489

Эми самокат, скейтборд, гироскутер, сигвей жана монодөңгөлөк тебүү эрежелерин бузгандарга 500 сом айып пул салынат. Мыйзам долбоорду Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев даярдап, коомдук талкууга койду.

Анда көрсөтүлгөндөй, эгер алты айдын ичинде экинчи ирет эреже бузулса, 2000 сомдук айып төлөйт.

“Ал эми техникалык талаптарга жооп бербеген электросамокаттарды ижарага берип, анын кесепетинен адамдар жаракат алса жеке жактарга 8 миң, юридикалык жактарга 13 миң сомдук жаза берилет.

2020-жылдан бери электросамокаттардан жабыркагандар боюнча ИИМде 157 факт катталган. Бейрасмий эсепте сандар мындан да көп болшу мүмкүн. Себеби, жыл башынан бери Бишкектеги ооруканаларга ушундай кырсыктардан жаракат алып 151 адам түшкөн” – деп көрсөтүлөт мыйзам долбоорунда.

490