7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жарандардан акча опузалаган дарыгер кармалды

336

Бишкек шаардык Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери жарандардан системалуу түрдө акча каражаттарын опузалагандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Ал Бишкек шаардык «Башкы архитектурасынан» уруксат алуу үчүн, тиешелүү тараптарга санитардык нормалардын сакталышын тастыктаган уруксат кагаздарын мыйзамсыз берип жүргөн.

12-июнда дарыгердин электрондук капчыгына чоң өлчөмдөгү акча каражаты которулган. Өздүк тинтүү учурунда анын жанынан 25 миң сом, ал эми унаасынан 55 миң сом табылып алынган. Ал бул акчанын келип чыгышын түшүндүрүп бере алган эмес.

Дарыгер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

337