Санкт-Петербургда убактылуу кармоочу жайда 26 кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 8-ноябрда элчиликтин канцеляриясынын кызматкерлери кыргыз диаспорасынын активисттери менен биргеликте Санкт-Петербург шаарында жана Ленинград облусунун Башкы башкармалыгынын №1 чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына барышты.
«Борбордун өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүүлөрдүн кийин коронавирус инфекциясынын жайылышына карата киргизилген чектөөлөргө байланыштуу, административдик чыгарууну күтүп жаткан Кыргыз жарандары менен тар чөйрөдө жолугушуу уюштурулду. Баарлашуунун жүрүшүндө консулдук кызмат боюнча айтылган бардык суроолорго элчиликтин канцеляриясы тарабынан толук жооптор берилип, Санкт-Петербургдун диаспорасынын активисттери тарабынан Кыргыз жарандарына азык-түлүктөр берилди», — дешет мекемеден.
Белгилей кетсек, бүгүн, 9-ноябрда алардын төртөө Кыргызстанга жөнөтүлөт.