Ошентип жеп келишип энергетика системасын банкрот абалга жеткиришкен. Жыйынтыгында 140 миллиард сомго жакын карызга батырышкан. Бүгүнкү күндө мына ушул сумманы энергетика министрлиги ички жана тышкы булактарга карыз. Бул деген «банкрот» дегенди билдирет. Былтыр мен ишке жаңы киришкенде энергетика системасынын ахывалын көрүп алып төбө чачым тик турган. Ошондо эле энергетика министрлигине тапшырма бергем, — “Мындан ары бир тыйын карыз албайсыңар. Импортту беш сомдон алууну токтотобуз. Бизде өздүк наркы канча болсо ошончодон алабыз, же өзүбүздөн иштеп чыгабыз”, — деп. Мына бүгүн импорттун баасы эки сомдун тегерегинде болуп жатат. 140 миллиард сом карызды көбөйтпөстөн четинен кутулуп баштадык. Кичи жана орто ГЭСтерди сала баштадык. Кудай буюрса 2024-2025-жылдарга барып, энергетика системасын кризистен алып чыгабыз. Импорттоочу эмес, экспорттоочу өлкөгө айланабыз. Ага чейин энергетика министри Доскул Бекмурзаевди “куурдак” кылып кууруп жесеңер дагы бул система кризистен чыкпайт. Анча мынча мүчүлүштүктөр сөзсүз болот. Айла жок чыдайбыз…
«Коомдо катуу талкуу жаратып жаткан электр энергия маселеси боюнча түшүндүрмө жана толук маалымат берип коюуну туура көрдүм. Антпесем, мени, келе калып эле энергетика системасын кризиске батырып салгандай көрсөтүп, сындап жаткан айрым жарандарыбыз соц түйүндөрдөн түшпөй жатышат», — дейт өлкө башчы Садыр Жапаров өзүнүн Facebook баракчасына.
Анын айтымында, акыркы он жылдан бери бир дагы ГЭС салынган эмес. Суунун башында туруп, кошуна өлкөлөрдөн кышкысын электр энергиясын сатып алып турушкан. Кыргызстан үчүн бул өтө уят иш.
«Арзан баада алса дагы мейли дейсиң го. Бир киловатын беш сомдон алышып, элге 77 тыйындан берип турушкан. Албетте беш сомдон деп кагаз жүзүндө көрсөтүлгөнү менен чыныгы баасы арзан эле болсо керек? Калганы чоңдордун чөнтөгүнө кетип турган. Балким, ушундай кызыкчылыктарды улантып, жыргап жашай бериш үчүн өзүбүздө жаңы ГЭСтерди курушкан эместир?