Мисалы, Кара Кечеден Балыкчыдагы көмүр кампага машинанын номери менен кагаз эле келет экен. “Баланча машина менен түкүнчө тонна көмүр келип түштү”,- деген. Мөөр басылып, кабыл алынды болот. Тагыраак айтсам «воздух» келет. «Воздух» көмүрдүн ордун эмне менен толтурушат экен дебейсиздерби? Балыкчыдагы кампадан кум аралаштырып жиберишет экен. Мына ошентип, ТЭЦке алып келгенде бармак басты, көз кысты болуп эле өтүп кетип турган. Кара Кечеден баштап, ТЭЦке чейинкилер менен кумдан түшкөн пайданы бөлүшүп турушкан. Ошентип ТЭЦ кум аралашкан көмүр жагып жүргөн.
Садыр Жапаров коомчулукта катуу талкуу жаратып жаткан көмүр маселеси боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ал өзунүн социалдык тармактарына жазган.
Анын айтымында, буга чейин ТЭЦ кум аралашкан көмүр жагып жүргөн.
«Жайлы жайлай “Кыргызкөмүрдө” саботаж кылышып, көмүр казуу кеч башталды. Муну моюнга алабыз. Бирок саботажга карабай ӨКМдин баардык техникаларын өз убагында жардамга киргизип, көмүр казууну тездетип, үлгүрүп калдык. Азыр да собатаж уланып жатат. Анткени ал жактагы коррупцияны жок кылып жатабыз. Кандай коррупция деген суроо туулат.
Ошол үчүн ушул ишке аралашкан бир нече адамдар камалышты. Кум аралашкан көмүр жагууну токтоттук. Башка коррупциялашкан иштердин үстүнөн дагы иштеп жатабыз. Кыскасы, чирип калган системаларды тазалап жатабыз», — деп жазган ал.