7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаш балдарга ыдык көрсөткөн педофилдерге электрондук билерик тагылат

551

Казакстандын Ички иштер министрлиги кийинки жылы абактан чыккан 300дөн ашуун педофилге электрондук билерик тагат. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү басма сөз каражаттары жазды.

ИИМ башчысы Ерлан Тургумбаев жыл этегине чейин пилоттук долбоордун алкагында 80 киши электрондук билерик менен камсыз болорун айткан.

Ал эми кийинки жылы болсо, билерикке 356 миллион теңге (70 миллион сомдон ашат) бөлүнмөкчү. Себеби алар ижарага алынат, бир билерик үчүн айына 10 миң теңге (2 миң сомго жакын) төлөнүшү керек. Сатыктагы баасы 200 миң (39 миң сом) теңгеден ашары белгиленет. Учурда Казакстандын түрмөлөрүндө жашы жете электерге ыдык көрсөткөн эки миңден ашуун адам жазасын өтөөдө. 330 адам сыноо мөөнөтүндө кармалып турат.

Электрондук билериктин жардамы менен педофилдин жүргөн жерин билүүгө болот. Эгерде ал сыноо мөөнөтүн бузса, полициянын планшетине сигнал жөнөтүлөт. Экинчи жолу бузса эркиндигинен ажыратылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

552