17-ноябрдан тарта Нур-Султан — Бишкек аба каттамы ишке кирет. Бул тууралуу «Air Astana» авиакомпаниясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Нур-Султан — Бишкек аба каттамын «E190-E2/A-320» учактары аткарат. Каттамдар шаршемби жана жекшемби күндөрү, ал эми декабрдан тарта дүйшөмбү жана жума күндөрү да аткарылат.
Бишкекке учуп келе турган жүргүнчүлөр, анын ичинде КРнын жарандары, транзиттик жүргүнчүлөр жана 6 жаштан жогорку балдар 72 сааттын ичинде ПЦР анализинин терс натыйжасы бар күбөлүк көрсөтүшү керек. Бул талап эмдөө курсун толук аяктаган жүргүнчүлөргө тиешеси жок.
Учурда Бишкек-Алматы, Ош-Алматы каттамы боюнча гана Казакстанга бара алышат.