7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров Кытай Элчиси менен инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

417

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу көп багыттуу кызматташтыктын маселелери талкууланды.

«Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири катары карайт жана өз ара кызыкчылык туудурган соода жүргүзүүнү өнүктүрүүгө, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар. Биз товар жүгүртүү деңгээлин жогорулатуубуз зарыл. Министрлер Кабинети инвесторлордун коопсуздугуна кепилдик берүүгө даяр», — деди Акылбек Жапаров.

Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь өз кезегинде ар кыл тармактагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого умтулгандыгын билдирип, эки өлкө ортосунда өз ара ишеним жана өз ара аракеттешүү орнотулгандыгын кошумчалады.

Жолугушууда тараптар кыргыз айыл чарба продукциясын КЭР рыногуна экспорттоо, «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу жүк ташуучу унаалардын өтүүсүн жогорулатуу, «Түндүк-Түштүк» унаа жолунун курулушун жыйынтыктоо жана кытай Өкмөтү тараптан шаардын унаа жолдорун реконструкциялоо жана ирригацияга берилген гранттык каражаттардын өздөштүрүлүшү маселелерин талкуулады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

418