Бүгүн, 9-ноябрда Индиядагы ооруканадан чыккан өрттөн 3 наристе каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Индиянын Мадхья-Прадеш штатындагы Бхопал шаарында жайгашкан оорукананын биринде өрт чыккан. Оорукананын балдар бөлүмүнөн чыккан өрттөн 3 ымыркай каза болду.
Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат.