7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мыйзам бузууга каршы күрөшкөн Октябрь инспектору пара менен кармалды

621

УКМК пара талап кылып алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБ кызматкерин кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, Октябрь РИИБнин кызматкери жеке кызыкчылыгын көздөп, Кыргыз Республикасынын айрым жарандарына акча уурдоо фактысы боюнча жасалма арыз даярдаткан. Жыйынтыгында, моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү жолу менен арызды кароону токтотуу үчүн 80 000 (сексен миң) сом талап кылган.

Аталган материал Кыргыз Республикасынын УКМК 326-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

«2021-жылдын 4-ноябрында КР ИИМ Криминалдык милиция кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Бишкек шаарынын Октябрь районунун Көк-Жар айылынын аймагында пара алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын Октябрь районунун Криминалдык милиция кызматынын башчысынын орун басары милициянын майору Н.Э.Д. кармалды. Кармалган ИИБ кызматкеринин авто унаасын тинтүү учурунда, ПМ жана АК-47 ок атуучу куралынын ок-дарылары, 5600 АКШ доллары жана белгисиз жарандардын бир нече паспорттору табылган. Кармалган Н.Э.Д. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен 2 айга КР УКМК тергөө камак жайына камоо түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды», — деп берилди.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

622