7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Санкт-Петербургда 27 кыргызстандык ууланып, ооруканага жаткырылды

551

Россиянын Санкт-Петербург шаарында 27 кыргызстандык ууланып ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө караганда, Кыргызстандын 27 жараны Санкт-Петербург шаарына курулуш иштерин аткаруу үчүн Лахт-Центрге келишкен. Россиядагы иш берүүчү «Прайдекс» ЖЧК тарабынан Кыргызстандын жарандары жатакана жана 3 маал тамак менен камсыз кылынган.

«Жарандар азыркы учурда С.П.Боткин атындагы клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатышат. Алдын-ала маалыматтар боюнча, алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Роспотребнадзор тарабынан текшерүү жүрүп, суунун жана тамак-аштын үлгүлөрү алынган. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери бул окуянын бардык жагдайларын такташууда»,- деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

552