Россиянын Санкт-Петербург шаарында кылмышкер кыргыз кызга кол салып, бөтөлкө менен башка чапкан. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 8-августта Санкт-Петербург шаарында азык-түлүк дүкөнүндө эсепчи болуп иштеген 28 жаштагы кыргыз кызына кол салуу болгон. Анда белгисиз адам кассадагы акчаны алып кетүү максатында эсепчи кызды айнек бөтөлкө менен бир нече жолу башка чапкан. Жабырлануучу көк ала болуп, башынан жаракат алган, бирок бөтөлкө сынган эмес.
«Окуяга күбө болгондор тарабынан кайрылуу келип түшөрү менен Калинин районунун полициясынын 3-бөлүмүнүн кызматкерлери дароо эле кылмышкерди таап, кармашкан. Ал мурда бир нече жолу соттолгон 45 жаштагы М.В. аттуу жаран болуп чыккан. Учурда күнөөлүү киши кармалып, Калинин районунун укук коргоо органдары тарабынан ага карата кылмыш иши козголуп, бардык зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат», — деп билдиришти элчиликтен.
Ошондой эле бул маселе элчиликтин Санкт–Петербург шаарындагы Канцеляриясынын көзөмөлүндө турарын кошумчалашты.