7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россиядагы элчилик курьер болуп иштеген мекендештерди расмий жумуш издөөгө үндөйт

1584
Элчилик Россиянын аймагында курьер болуп же жүк ташуу кызматында иштеген Кыргызстандын жарандарга кайрылуу жолдоп, белгисиз товарларды ташуу боюнча шектүү сунуштардан баш тартууну сунуштайбыз. Опурталдуу учурларга туш болуп калбоо үчүн, жалданма жумуштардан оолактап, расмий жумушка орношуу керектигин эскертет.
Элчилик, 9-август Россияда жоопко тартылып жаткан мекендешибиздин жакындарына укутук колдоо көрсөтүлүп жатканын маалымдайт.
Жаран РФ Кылмыш-жаза кодексинин 228.4 беренеси менен — баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз өндүрүү, сатуу же берүү фактысы боюнча тергөөгө алынган.
«Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Элчилик тарабынан жазык ишин кароо тартиби, айыпталуучулардын укуктары, кылмыш мыйзамында далилдер, жазаларды дайындоо жана өтөө боюнча, ошондой эле кеңири юридикалык кеңештер берилген. Ошону менен бирге, айыпталуучулардын Кыргызстанда жүргөн жакындарына туруктуу негизде юридикалык консультация берилип жатат«, деп жазылат.
Элчилик мекендештерди РФ мыйзамдарын сактоого чакырат жана баңги каражаттарын мыйзамсыз алуу, сактоо, ташуу жана сатуу РФ жазык мыйзамдарына ылайык 2 жылдан тартып өмүр бою эркинен ажыратуу менен жазаланаарын эскертет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1585