13-августка караган түнү Персеиддердин метеордук агымынын активдүүлүгү туу чокусуна жетет. Бул тууралуу Москва планетарийи кабарлады.
17-июлда башталган агымдын активдүүлүгү 26-августка чейин созулат. Эл аралык метеордук уюмдардын болжолуна ылайык, агым туу чокусуна жеткенде саатына 110 метеор учкан көрсөткүчкө жетет.Эл аралык метеорологиялык уюмдун божомолуна ылайык, саатына 110 метеорго чейин болушу күтүлүүдө. Жылдыз жааган көрүнүшкө байкоо салуу 13-августка караган түн ортосуна (саат 2:00гө) туура келери болжолдонууда.
Кыргызстандыктардын топ жылдыздын учканын көрүүсүнө аба ырайы да тоскоолдук жаратпайт.
Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, республиканын көпчүлүк аймактарында түнкүсүн жаан болбойт, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын алыскы райондорунда гана өткүн болушу мүмкүн.