Россиялык блогер Илья Варламов Кыргызстанда орус тилдүү жарандар менен болгон окуяларга байланыштуу айтылып жаткан сөздөр боюнча телеграм-каналына пикирин жазды. Ал нааразы болуп жаткан адамдар тез арада чара көрүүнү, орус калкын коргоону талап кылып жатканын белгилеп, ошол эле учурда «Орусиянын өзүндө жагдай кандай?» деп суроо салган.
«Мен улутчул адамдарды жактырбайм, кыргыз, казак, орус болбосун. Орустар кайсы жерде болсо да өзүн коопсуз сезип, орус тилинде сүйлөгөнү үчүн эч ким сөз айтпашын каалайм. Ошол эле учурда, биз орустарга Мекенинде жакшы мамиле кылуусун каалагандай эле кыргыз, өзбек, казактар Россияда өзүн ыңгайлуу сезишин каалайм», — деп жазган.
Варламов Орто Азиядан келген адамга Орусияга келгенде, аэропорттон эле начар мамиле жасаларын белгилеген.
«Орто азиялыктар эле эмес, биздин россиялык якут, бурят, калмактардан: «Иштериң кандай?» — деп сурап көргүлөчү. Аларга биздин Мекенибиздин борборунда канчалык сый мамиле кылышат? Батирди ижарага алуу оңой бекен? Полиция көзүнүн түсү башкача болгону үчүн эле текшере бербейт бекен?», — деген ал.