Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жөө адамды сүзүп, өзү окуя болгон жерден качып кеткен оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ак-Суу РИИБге аймактык ооруканадан Ч.Э. аттуу адамды белгисиз унаа сүзүп кеткенин, оор жаракаттын кесепетинен көп узабай каза болгонун кабарлашкан.
Райондук милиция Каракол—Раздольное—Сырзавод жолунун 10-чакырымында оор жүк ташуучу унаа Үч-Кайнар айылынын 51 жаштагы тургуну Ч.Э.ни сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден изин жашырып кеткенин аныктаган.
Кийинчерээк Ак-Суу РИИБинин жол тескөөчүлөрү тарабынан кырсыкка тиешеси бар оор жүк ташуучу «Хово» унаасынын айдоочусунун өздүгү аныкталган. Ал Каракол шаарынын 28 жаштагы тургуну С.К. болгон. Жүргүзүлгөн алгачкы суракта күнөөсүн мойнуна алган. Унаа айып жайга токтотулду. Учурда тергөө иштери уланууда.