Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов КР президентинин иш башкаруучусу Бактыбек Кудайбергенов менен жолугушту.
Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда Бишкек шаарын андан ары өнүктүрүү боюнча долбоорлор жана артыкчылыктуу маселелер талкууланды.
Эске салсак, Бактыбек Кудайбергенов жаңы кызматка көтөрүлгөнгө чейин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп эмгектенген.