7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Саралаев: “Көп жылдар бою эч ким кол тийгизе албаган тармактарда өзгөрүү башталды”

235

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын мурдагы абалын ичинен жакшы билген Тимур Саралаев бүгүнкү өзгөрүүлөргө баа берип, бул системада чыныгы жаңылануу болот деп мурда ишенбегенин айтты.

Анын айтымында, 2015–2020-жылдары Федерациядагы көйгөйлөр боюнча бийликке бир нече жолу ачык кайрылуулар жасалган. Ал кезде профсоюздагы абал оор болуп, өлкө боюнча жүздөгөн кыймылсыз мүлктөрү, Ысык-Көлдөгү санаторийлери жана пансионаттары бар система өнүгүүнүн ордуна ички талаш-тартыштардын очогуна айланган.

Саралаев өзгөчө Ысык-Ата, Жети-Өгүз жана Жыргалан сыяктуу объектилердин абалы начарлап кеткенин белгиледи. Анын сөзүнө караганда, айрым имараттар авариялык абалга жетип, иштебей калган жайларды кийин сатуу жеңил болуп калган.

Ошол эле учурда ал акыркы жылдардагы өзгөрүүлөрдү Президент Садыр Жапаров жүргүзүп жаткан реформалар менен байланыштырды.

“Көп жылдар бою эч ким кол тийгизе албаган тармактарда өзгөрүү башталды”, — деди Саралаев.

Ал ошондой эле Президенттин Иш башкармалыгы жүргүзүп жаткан иштерге да токтолуп, жаңыланган “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийин мисал катары атады. Анын пикиринде, мурдагы абал менен азыркы көрүнүштүн айырмасы чоң.

Саралаев бул пикирин мактоо катары эмес, системанын ичинде иштеп, анын көйгөйлөрүн жакындан көргөн адамдын жеке баамы катары айтып жатканын белгиледи.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

236