7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды

297

Советтер Союзунун Баатыры И. В. Панфиловдун жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча 65-эл аралык турнир жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6–7-май күндөрү өткөн бул мелдеште Кыргызстан жана Казакстандан келген 194 спортчу килем үстүндө күч сынашты.

Мында балбандар 55 кг салмактан баштап, оор салмактагы категорияларга чейин чеберчиликтерин көрсөтүп, байгелүү орундар үчүн таймаштарды өткөрүштү.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр медаль жана дипломдор менен сыйланышты.

298