7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жунда» заводун модернизациялоо иштери быйыл бүткөрүлөрү пландалууда

5

 Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кара-Балта шаарындагы “Жунда” Чайна Петроль Компани” жабык акционердик коомуна таандык мунайды кайра иштетүүчү заводуна барып, модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып көчмө жыйын өткөрдү.

Маалым болгондой, отурумга тиешелүү мамлекеттик органдардын башчылары, заводдун жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.

Жыйында ички рынокту күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо максатында иш алып барууну көздөгөн заводдун учурдагы маселелери каралды. Ошондой эле заводдун модернизациялоо иштеринин учурдагы этабы жана өндүрүш объектилеринин даярдык деңгээли менен таанышуу болду. Бул заводдо индустриалдык паркты куруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышы боюнча маалымдалды.

Анда бул долбоордун өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүүдө, мунайды кайра иштетүүнү жогорулатууда жана жаңы жумуш орундарын түзүүдөгү маанилүүлүгү белгиленди.

Жыйындын соңунда тиешелүү мамлекеттик органдардын жана заводдун маалыматтары угулуп, талкуулангандан кийин бир катар тийиштүү тапшырмалар берилди. Модернизациялоо иштери быйыл бүткөрүлөрү пландалууда.

6