7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Sars-CoV-3: «Жаңы вирус адамдарга жугуп, пандемияны чакырышы мүмкүн»

601

Sars-CoV-2 коронавирусу адамдан жаныбарга жугуп, бир нече жолу мутация болгондон кийин кайра жаңы Sars-CoV-3 коронавирусу пайда болуп, ал адамдарга илешип, жаңы пандемияны чакырышы ыктымал. Бул тууралуу Америка-Сингапур медициналык университетинин профессору Ван Линьфа билдирди.

Маалыматка ылайык, Sars-CoV-2 коронавирусу адамга жарганаттан жугат. Профессор белгилегендей, жарганаттардын иммундук системасы уникалдуу. Бул жаныбардын организми вирустарын көбөйүп, мутация болушуна жол берет, бирок жарганаттын организминде оору өрчүй албайт.

«Коронавирус инфекциясынын адамдан жаныбарга өткөн учурлары катталган. Пандемия учурунда үй жаныбарлары коронавирусту кожоюндарынан жуктуруп алган учур бир нече ирет аныкталган. Sars-CoV-2 коронавирусу менен ооруп жаткан адам бир жерге жеп бүтпөй калган жемишин таштап коюп, аны жарганат жеп алса, вирус жаныбардын ичинен мутацияланып, ал башка жаныбарга жугуп, дагы өзгөрүшү ыктымал», — деген окумуштуу.

Мындай жол менен Sars-CoV-3 деген жаңы вирус жаралып, ал кайрадан адамдарга жугуп жаңы пандемияны чакырышы мүмкүн экени айтылды.

Белгилей кетсек илимпоз жаңы пандемияны алдын алуу үчүн жарганаттардын популяциясында пайда болгон жаңы вирустарды кылдаттык менен карап туруу керектигин белгилеген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

602