«Урматтуу шаардыктар! Бишкекте бир нече күн аба-ырайы туруксуз болуп, жаан -чачын күтүлүүдө. Эгерде бак-дарактардын жана бутактардын кулашына күбө болсоңуздар, борбор калаанын мэриясынын call-борборуна кайрылууну суранабыз: 1840, 1850, ошондой эле фото жана видеолорду WhatsApp колдонмосу аркылуу 0554-182-185 номерине жөнөтүңүздөр» -дейт мэриянын басма сөз кызматы.
Бишкек шаардык мэриясы, унааларды бак-дарактардын алдына токтотпоого чакырат. Анткени, Бишкек шаарында көп жылдык чоң дарактар көп, жамгырдан улам жумшарып калган дарактар кулап, унааларды басып калуу коркунучу бар.