7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бах, чиркин! Сары-Челек көлүнүн көз жоосун алган сүрөттөрү

756

Жалал-Абад облусундагы Сары-Челек көлүнүн көз жоосун алган сүрөттөрү менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги бөлүштү.

Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругу өзгөчө коргоодогу аймактардын катарына кирет. Анын жалпы аянты дээрлик 24 миң гектарды түзүп, коруктун аймагында Кызыл китепке кирген жаныбарлар бар жана сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдүн көптөгөн түрү өсөт.

Коруктун аймагында 7 көл бар. Алардын ичинен эң ириси – Сары-Челек көлү. Анын узундугу түндүк-чыгыштан түштүк-батышты карай 7,5 чакырымды түзөт. Сары-Челек көлү деңиз деңгээлинен 1848 метр бийиктикте жайгашкан. Анын орточо тереңдиги 98 метр болсо, эң терең жери 234 метрге жетет. Тереңдиги боюнча ал Кыргызстанда экинчи орунда турат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

757