7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сауд Аравиядан алынып келинген шумкарлар табиятка коё берилди

632

Кантта 9-ноябрда Сауд Аравиядан келген коноктор менен биргеликте 14 куш табиятка коё берилди.

Азыркы учурда сейрек кездешүүчү Кызыл китепке кирген шумкарларды, ителгилерди табиятка кайра кайтаруу максатында Сауд Аравиядан 97си алынып келинди.

Куштар реабилитация этабынан өтүп жатышат жана аларга спутникалык жабдуулар тагылды. Анын жардамы менен ителги кайсыл жакта учуп жүргөнүн биле алышат.

Иш-чарага атайын Сауд Аравиядан коноктор келишти. Кыргыз тарап аларга майрамдык маанай тартуулап, улуттук оюндар, маданият, тамак-аштар менен тааныштырды.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин көзөмөлү астында жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, Сауд Аравия Королдугунун “Мүнүшкөрлүк клубунун”, “Tilad Environmental Consultancy Co Ltd” эл аралык консультациялык компаниясынын жана Кыргызстандын “World Nomad Union” компаниясы, ошондой эле Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин активдүү колдоосунда өткөрүлүүдө.

 

 

 

633