7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сауд өнүктүрүү фонду мектеп тартыштыгын жоюуга 50 миң АКШ доллар бөлөт

9

Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Мамлекеттик мектептерди куруу (II фаза)» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 29-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган макулдашуу Сауд өнүктүрүү фондунун 187500000 сауд риалы өлчөмүндөгү жеңилдетилген насыялык каражаттарын тартуу максатында түзүлгөн, бул 50 000 000 АКШ долларына барабар.

Насыя жагымдуу финансылык шарттарда 25 жылдык мөөнөткө, анын ичинде 5 жылдык жеңилдетилген мезгилге, жылдык 1,5 пайыздык ставка менен берилет. Насыялык каражаттар АКШ долларында берилет.

Макулдашууда мамлекеттик билим берүү инфраструктурасын кеңейтүүгө жана жаңылоого, окуучулук орундардын тартыштыгын жоюуга жана сапаттуу жалпы билим алуу үчүн тийиштүү шарттарды түзүүгө багытталган «Мамлекеттик мектептерди куруу (фаза-2)» долбоорун ишке ашырууну каржылоо каралган.

Долбоордун алкагында Бишкек шаарындагы 5 жаңы жалпы билим берүүчү мектепти жана иштеп жаткан мектептерге 7 кошумча окуу корпусун, ошондой эле Чүй облусунда жалпы долбоордук сыйымдуулугу 150дөн 1000 окуучуга чейинки орундар бар 2 жаңы мектепти куруу пландалууда.

10