7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Саунада жарым жылаңач кыздар менен отурган милицияны кызматтан бошотушту

931

Саунада жарым жылаңач кыздар менен эс алып отурган милиционер кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Буга чейин 11-майда социалдык тармактарга белгисиз бөлмөдө формачан милиция кызматкери жана анын жанында жарым жылаңач кыздар отурганы тартылган видео тараган. Видеодо милиция кызматкери Кант шаарындагы сауналардын биринде экени айтылган.

Териштирүүдө видеого тартылып калган формачан кызматкер, Ысык-Ата РИИБдин кызматкери милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү экендиги аныкталган.

«Кызматтык иликтөөнүн корутундусу боюнча Чүй ОИИБдин буйругу менен «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзамынын талаптарын, укук коргоо органдарынын тартиптик уставын, ИИОнун Ички кызматынын уставын бузгандыгы үчүн, Ысык-Ата РИИБдин МАБдын милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү А.Д. укук коргоо органдарынын кызматынан бошотулду»- деп берилет билдирүүдө.

Мындан тышкары, кызматкерлердин ишине тийиштүү көзөмөл болбогондугу үчүн, Ысык-Ата РИИБдин жетекчилигине жана жооптуу кызматкерлерге «катуу сөгүш», «сөгүш» тартиптик жазалары жарыяланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

932