Мурдагы президент, учурда бир нече беренелер боюнча сурак берип абакта жаткан Алмазбек Атамбаевдин туң уул Сеид Атамбаев, саясатчы Текебаев тууралуу пикирин билдирди.
Ал, атасынын абактан чыкпай жаткандыгына Текебаевдин салымы бар деп эсептейт. Ал гана эмес, Текебаев учурдагы бийлик өкүлдөрүн Атамбаевди абактан чыгарбоого үндөп жүрөт деген сөздөрдү угуп жатканын жазган.
«Текебаев Атамбаевдин бийлигинин начар мезгилин айтуудан мурда, анын тушунда «Ата Мекен» фракциясынын саясий ордун, өзүнүн жакшы кызматтарда иштегенин унутпашы керек.
Мисалы, премьер -министр, башкы прокурор, юстиция министри жана башкалар.
Атамбаев баарына бирдей болчу жана муну сиз жакшы билесиз. Билбейм, Текебаев кандай президент болмок, бактыга жараша боло албайт, эгер кокустан шайланып калса, анда чыныгы кызыл камчы бийлик орномок!
Бизди Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен кагыштыруу сиз тараптан туура эмес болот! Кала берсе, сиздин азыркы бийликтин өкүлдөрүнө барып, атабызды абактан чыгарбоого үндөп жаткандыгыңыз боюнча көп айтылууда. Коом түшүнөт, мен муну билем!»-деп жазат Сеид Атамбаев.