Билим берүү тармагындагы эксперт, Билим берүү академиясында мурда бөлүм башчы болуп иштеген Сейитбек Жаанбаев: Бир кезде, 2003-жылы, билим берүү боюнча мыйзамдар менен башка документтерге опурталдуу өзгөрүүлөр киргизилип, ошондон бери ал кагаздар түзөлбөй келатат. Мисалга, бакалавриат деген толук эмес жогорку билпм деген түшүнүк кирип кеткен, ал эми жогорку окуу жайлардын дипломдоруна «мугалим» деген адистик жазылбай калган.
Өлкөдө «Ардактуу мугалим» деген наам берилгени менен, мыйзамдарда алардын баары «педагогикалык кызматкер» деп аталат. Бирок китепканачы же завхоз деле – педагогика тармагында иштеген кызматкерлер. Ал эми бакалаврлар мектептеги жетектөөчү кызматтарга дайындала албайт, ал үчүн магистратураны бүтүрүш керек. Бирок магистратура, негизинен, – илимий тармакка өткөндөр үчүн, биз болсо акча төлөсүн деп, бакалавриатты бүткөндөрдү магистратурага үндөп калдык.
Жакшы мугалим болуш үчүн илимдин өтө деле кереги жок, адистигиңди жакшы билип, тарбиялоо иштерине шыгың болуш керек, ал эми магистратураны бүткөндөр мектепке мугалим болуп иштөөгө көп келбейт. Ошондуктан мыйзам менен башка документтерди оңдоп, «мугалим» деген адистикти расми түрдө кайра киргизиш керек, ошондо мектеп мугалимдеринин баркы көтөрүлүп, окутуу жана тарбиялоо сапаты дагы жогорулайт эле…